Тактап айтканда, Эркин соода келишими ата мекендик товарлардын тышкы рынокко бажы алымысыз чыгуусуна шарт түзөт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 400 миллион доллардын тегерегинде. Республика Индонезияга ферро эритме, электр жабдууларын жана башка өнүмдөрдү жиберет. Өз кезегинде турмуш-тиричилик техникалары жана автоунаалар Түштүк-Чыгыш Азия мамлекетинен алынып келинет. Эске салсак, Жакартада ЕАЭБ өлкөлөрү менен Индонезиянын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы өтүүдө. Тараптар келечектеги Макулдашуунун бир катар бөлүмдөрүн талкуулоону пландаштырууда, алардын арасында - товарларды соодалоодон тышкары, өлкөлөрдүн аныктоо эрежелери, техникалык тоскоолдуктар, интеллектуалдык менчик маселелери, коргоо чараларын колдонуу жана башкалар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков