Бул боюнча ОПЕК+ өлкөлөрү макулдашты. Бул дүйнөлүк рынокто кара алтындын баасынын жогорку деңгээлде сакталып калышына, алтургай өсүшүнө алып келет деп күтүлүүдө. Айта кетсек, Казакстандын келерки айдагы милдеттенмелери күнүнө бир жарым миллион баррелден ашат. Эске сала кетсек, 6 айда бир баррель 3 эсеге арзандап, баасы 90 доллардан түшкөн. Серепчилер муну экономиканын төмөндөшү, АКШда үстөк пайыздын жогорулашы жана доллардын бекемделиши менен байланыштырууда. Эскерте кетсек, бир катар маалымат каражаттары кабарлагандай, Америка өндүрүштүн учурдагы темптерин сактоону талап кылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков