Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын 2023-жылга карата
экономикалык өсүүсү боюнча болжолун жакшыртты. Ага жараша 3,7%дан 3,9%га чейин
көтөрүлөт. Ал эми келерки жылы республиканын ички дүң өнүмү 4,1% деңгээлинде
сакталат. Эл аралык каржы институтунун талдоочулары туруктуу ички суроо-талап
өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө негиз болоруна ишенишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков