Казакстан дүйнөлүк азык-түлүк системасында үстөмдүк үлүшү бар өлкөлөрдүн бири

Казакстан дүйнөлүк азык-түлүк системасында үстөмдүк үлүшү бар өлкөлөрдүн бири

Учурда ата мекендик айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 70ке жакын өлкөсүнө жеткирилет. Республика бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ. Ошондой эле дан жана май өсүмдүктөрүн өндүрүү жана экспорттоо боюнча аймакта алдыңкы орунда турат. Агрардык өлкөнүн дарамети муну менен эле чектелбейт. Жерди иштеткен казак дыйкандарынын өнүмдөрү  менен европалык рынокту багындырууга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин немис айыл чарба унааларын жасоочу ири компаниянын башкы мүдүрү Ян Хендрик Мор билдирди.

Ян Хендрик Мор, айыл чарба техникасын өндүргөн компаниянын башкы мүдүрү:

- Биринчиден, Казакстан чоң аймакты камтыган жер ресурстарына бай өлкө экенин айткым келет. Республиканын территориясынын 22 миллион гектары айдоо аянттарынын үлүшүнө туура келет. Башкача айтканда, тармактын тез өнүгүүсүнө жана дараметин жогорулатууга мүмкүнчүлүктөрү көп. Экинчиден, Казакстан буудайды экспорттоо боюнча дүйнөдө 9-орунда турат. Бул өлкөнүн дүйнөлүк азык-түлүк системасында үстөмдүк үлүшү бар дегенди билдирет. Менимче, Казакстандын айыл чарба өнүмдөрүн эл аралык рынокко экспорттоо үчүн чоң шарттары бар. Ошондуктан Европаны, Африканы жана дүйнөнү жергиликтүү азык-түлүк менен камсыздоонун жолдорун издөө зарыл. Сапаты жана жеткиликтүүлүгү менен катар азык-түлүктүн баасы да маанилүү роль ойнойт. Ички суроо-талаптан көбүрөөк өндүрө алган Казакстан ашыкчасын Орусия, Украина сыяктуу башка өлкөлөргө экспорттой алат. Жер жүзүндөгү 8 миллиард адамды тамак-аш менен камсыз кылуу оңой эмес. Дүйнөлүк коомчулук өз рыногун өз өнүмдөрүн берүүгө даяр мамлекеттерге ачуусу керек. Албетте, алардын бири Казакстан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков