Казакстан менен АКШнын ортосундагы соода-инвестициялык байланыштар күч алышы мүмкүн. Президент Касым-Жомарт Токаевдин Вашингтондо америкалык бизнес өкүлдөрү менен өткөн жолугушууларында бир катар конкреттүү багыттар талкууланды. Серепчилер мындай сүйлөшүүлөр эки тараптуу экономикалык өнөктөштүктү күчөтүүгө жол ачат деп эсептешет. Адистер өлкөнүн эл аралык аренадагы активдүүлүгү тынчтык демилгелери менен гана чектелбейт деп айтышат. Казакстан бир эле учурда улуттук кызыкчылыкты коргоп, саясий позициясын бекемдөөгө күч жумшап жатат. Ошол эле учурда экономикалык интеграцияны арттыруу, транспорттук-логистикалык багыттарды өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү негизги артыкчылыктардын катарында.
Ерболат Сейлеханов, Президент алдындагы КСИИнун эл аралык коопсуздук
бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери:
– АКШнын ишкер топтору менен өткөн жолугушуулар соода жана инвестициялык
кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө негиз болот. Мындай
сүйлөшүүлөр дайыма экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Жолугушуулар
америкалык ишкерлер менен гана эмес, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен да өттү.
Бул Казакстандын эл аралык өнөктөштүктү системалуу түрдө өнүктүрүп жатканын
билдирет. Башкача айтканда, биздин башка өлкөлөр менен да соода-экономикалык
байланышыбыздын өнүгүшүнө түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

