Казакстан менен Улуу Британия ортосундагы соода алмашуу 2 эсеге артты

Казакстан менен Улуу Британия ортосундагы соода алмашуу 2 эсеге артты

Ошентип, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч эки эсеге өстү. Өз ара сооданын басымдуу бөлүгү — 65,5% экспортко туура келет. Акчалай алганда ал АКШ валютасында 147 миллиондон ашып, жылдык өсүш 2,2 эсеге өстү. Бул тууралуу ranking.kz маалымдады. Казакстандан Улуу Британияга экспорттун эң чоң көлөмү күмүш экспортуна тиешелүү. Өнүм 102 миллиондон ашык долларга соодаланган. Мында башка ата мекендик товарлар негизги экспорттук товарлардын категорияларына киргизилген. Атап айтканда, алар тазаланган жез, хром оксиддери жана гидроксиддери, органикалык эмес химиялык заттар, баалуу жана сейрек кездешүүчү металлдардын, радиоактивдүү элементтердин бирикмелери, ферроэритмелер жана башкалар. Ошондой эле, маалымат порталынын билдириүүсү боюнча, өлкөгө Европа мамлекеттеринен 77,4 миллион долларлык товар алынып келинген, бул өткөн жылдын үчтүн айы-бирдин айларына салыштырмалуу 2,4 эсеге көп. Казакстан Улуу Британиядан 11,2 миллион долларга автоунааларды жана башка автотранспортторду импорттогон. Негизги импортко ошондой эле этил спирти, бульдозерлер, дары-дармектер, сордургучтар жана көтөргүчтөр, крандар менен клапандар кирген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков