Казакстан саякат жасаган мыкты мамлекеттердин катарына кирди

Казакстан саякаттоого болгон эң мыкты өлкөлөрдүн катарында. Өлкө белгилүү Lonely Planet басылмасы түзгөн Best in Travel 2025 рейтингине кирди. Жыл сайын журналдын адистери саякатчылардын жана туризм адистеринин сунуштарына таянып, жаңы багыттарды кылдаттык менен тандап алышат. Казакстан башка мамлекеттердин арасында бай тарыхы, ар кыл жаратылышы жана кайталангыс маданий мурасы менен чет элдик сүйүүчүлөрдү өзүнө тарткан. Өлкө ар бир саякатчыга байыркы салттар менен учурдун чырмалышын чагылдырган өзгөчө таасир берет.

Даниел Сержан уулу, Kazakh Tourism УК башкарма төрагасынын орун басары:


- Lonely Planet аттуу эл аралык саякат журналы Казакстанды 2025-жылы бара турган мыкты өлкөлөрдүн катарына кошту. Жалпысынан, бул тизмеге жыл сайын алдыңкы 10 мамлекет жана алдыңкы 10 шаар сыяктуу категориялар кирет. Тизме Best in Travel деп аталат. Бул тизме жалпысынан 15-жолу чыгып жатат.


Айта кетсек, Казакстан дүйнөгө белгилүү башка саякат-басылмалардын көңүлүн бурду. Өлкөнүн туристтик дараметине «Conde Nast Traveler» жана «Wanderlust» өз баасын беришти. Алар республиканы быйылкы саякат үчүн дүйнөдөгү эң мыкты дестинациялардын катарына кошушту, ал эми Алматы шаары New York Times версиясы боюнча алдыңкы 52 туристтик багыттардын катарына кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков