Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маселен, бугу айынан баштап “кара алтынды” өндүрүүнү суткасына 78 миң баррелге ыктыярдуу түрдө кыскартуу мерчемделген. Тиешелүү мекеме бул кыскартуу 2022-жылдын тогуздун айынын 5де ОПЕК+ министрлеринин 33-жыйынында кабыл алынган кошумча алдын алуу чарасы экенин белгиледи. Эске сала кетсек, аталган жыйында мунай өндүрүүнүн жалпы көлөмүн суткасына 2 миллион баррелге кыскартуу чечими кабыл алынган. Ошол эле учурда альянстын мүчөлөрү жолугушуулардын жыштыгын жөнгө салышты. Мындай жыйын айына бир жолу эмес, эки айда бир жолу өткөрүлөт. Белгилей кетсек, кийинки жыйын кулжа айынын 4нө белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков