Сенат агломерацияларды өнүктүрүү мыйзамын кабыл алды

Сенат агломерацияларды өнүктүрүү мыйзамын кабыл алды

Казакстанда агломерацияны башкаруунун жаңы үлгүсү киргизилет. Өлкөнүн парламенти мыйзам долбоорун жана ага кошумча документти кабыл алды. Документти Жогорку палата депутаттарынын талкуусуна Улуттук экономика министри Алибек Куантыров алып чыкты. Башкармалыктын башчысынын айтымында, мыйзам долбоору өлкө президентинин сунушу менен алдыңкы эл аралык тажрыйбанын негизинде иштелип чыккан. Анда өлкөнүн 5 мыйзамына, ошондой эле жер жана бюджет кодексине бир катар өзгөртүүлөр токтоосуз түрдө киргизилмекчи. Жаңы документте 500 миңден ашуун калкы бар Алматы, Астана, Шымкент жана облус борборлору "агломерация" катары аныкталат. Аймактык деңгээлде жергиликтүү агломерациялык кеңештер түзүлөт. Алар шаардын жана ага чектеш аймактын жергиликтүү аткаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча катары иштешмекчи. Өкмөт алдындагы республикалык кеңеш агломерацияларды өнүктүрүүнү координациялайт. Мындан тышкары, башкы пландардын аткарылышы жана шаар четиндеги архитектура менен курулуш саясатын Астана, Шымкент жана Алматы шаарларынын администрациялары тарабынан көзөмөлгө алынат. Акыркысы өлкөдөгү жашыл долбоорлорду каржылоо үчүн чет өлкөдөн карыз алуу укугуна ээ болушу мүмкүн.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

- Бул негизинен жашыл долбоорлорго тиешелүү болот. Маселен, буга чейин ишке ашыруу көйгөй болгон Алматы менен чектеш аймактардын ортосунда жашыл транспорт каттамын уюштурууга болот. Бул насыялар Өкмөт белгилеген чектүү көлөмдө гана алынат. Улуттук экономика министрлиги тышкы жана ички карыз алуу үчүн тиешелүү чекти белгилейт. Анын көлөмү Каржы министрлиги менен макулдашылган. Негизги талап – чет элдик насыялар улуттук валюта – теңге менен берилиши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков