Казакстан менен АКШ археологдору уникалдуу долбоорду жүзөгө ашырат

Коло доорунда көчмөндөрдүн тамак-ашы кандай болду? Бөкетов атындагы Караганды университети мичигандык кесиптештери менен аталган суроого жооп издейт. Казакстандык жана америкалык археологдор уникалдуу долбоорду ишке ашырууга даярданып жатышат. Биргелешкен демилге ошол мезгилде жашаган адамдар эмне жегенин изилдөөгө багытталган. Окумуштуулар адамдар менен жаныбарлардын сөөктөрүн, өзгөчө тиш таштарын изилдөөнү пландап жатышат. Бул үчүн алар заманбап технологияларды колдонушат. Анын жыйынтыгына таянып, коло доорундагы адамдардын тамак-ашы тууралуу маалымат алууну көздөйт. Окумуштуулардын айтымында, бул адамзаттын учурдагы азык-түлүк коркунучтары тууралуу билүүгө жардам берет.

Алексей Кукушкин, Е.А. Бөкетов атындагы Караганды университетинин Сарыарка археологиялык институтунун мудүрү:

– Ушул жылдын жалган куран айында долбоор боюнча чет элдик кесиптештерибизден сунуш түшкөн. Биз алар менен кат алмашып жаттык. Ал эми бугу айында делегация келди. Биз аларга коллекциябызды көрсөтүп, лабораториябыздын иши менен тааныштырдык. Мындан тышкары, долбоорго керектүү сөөк материалдарын эсептеген кампаны да көрсөттүк. Эми жетинин айында кесиптештерибиздин экинчи жолу келишин күтүп жатабыз. Ал кезде долбоорго керектүү үлгүлөр тандалып алынып, Мичиган университетинин лабораторияларында кылдат изилденет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков