Казакстандын мектептеринде жана
колледждеринде Нооруз майрамына арналган республикалык челлендж өттү. Иш-чара
күн менен түндүн теңелишине карата уюштурулду. Астанада бир учурда 127 миң
окуучу казактын белгилүү композиторлорунун «Балбырауын», «Адай», «Сарыарка»
сыяктуу күүлөрүн аткарды.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай
иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун маданий-руханий тарбиясын калыптандырууга,
элдин бай мурасын даңазалоого өбөлгө түзөт.
Фархад
Сабиев, Мектеп Мүдүрү:
- Казакты казак кылган албетте
улуттук аспаптар, домбра, кобыз. Жалпы казак эли үчүн домбранын ролу өзгөчө.
Курмангазы, Таттымбет, Даулеткерейден калган казактын кара домбрасына ар бир адам суктанышы керек. Башкача айтканда, ар бир адам, кичинекей балдардан баштап ойношу керек. Чет өлкөгө барса да ар
бир бала домбра чертип жатса, казак экенибизди билдирет.
- Менин
эжем домбрада
жакшы ойнойт. Мен да кызыгып, домбра ийримине баргым
келди.
- Домбра чертүүнү мага башталгыч класста биздин мектептин мугалимдери үйрөткөн. Ал эми азыр мындай чоң иш-чарада 350 бала менен бирге күү чертеримди билип, бир аз толкунданып турам жана бир аз да кубанып турам.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков