Казакстан Кытайга экспорттун көлөмүн көбөйтүүдө

Казакстан Кытайга экспорттун көлөмүн көбөйтүүдө

Казакстан Кытайга өнүм жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүдө. Ата мекендик товарларды Кытай рыногуна жайылтуу үчүн негизги аянтча болуп «Кытайга экспорт – ШКУ тандоосу» форуму болуп саналат. Ага республиканын Соода жана интеграция министри катышты. Арман Шаккалиев Казакстан жеткирилүүчү өнүмдөрдүн түрлөрүн кеңейтүүнү көздөп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, өлкө өнөр жай кооперациясын, логистиканы, заманбап алдыңкы жана экологиялык таза технологияларды киргизүүнү камтыган инвестициялык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө багытт алган. Айта кетсек, мамлекет биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүдө дал ушундай инновацияларды колдонууну сунуштайт. Кытай Казакстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Акыркы үч жылда эки тараптуу товар жүгүртүү туруктуу өсүү динамикасын көрсөтүүдө. 2023-жылы 41 миллиард доллардан 2025-жылы 49 миллиард долларга чейин. Буга аймактык кызматташтык чоң роль ойнойт.

Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:

– Шаньдун провинциясы менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылы 6 миллиард АКШ долларын түздү. Биринчи эки айда эле 46% өсүш байкалууда. Мунун баары өз ара кызыгуунун жогору экенин билдирет. Албетте, соода-сатык же жөн гана соода мамилелери эмес экени абдан маанилүү. Бул жерде биргелешкен долбоорлор, өнөр жайдагы, энергетикадагы, логистикадагы жана транспорттогу кызматташтык жөнүндө сөз болуп жатат.

Иш-чаранын алкагында көргөзмөдө Казакстандын улуттук павильону көрсөтүлдү. Экспозиция өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү. Бул жерде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрү  менен таанышууга мүмкүн болду. Казакстандык компаниялардын өкүлдөрү кытайлык бизнес чөйрөсү менен бир катар В2В сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков