Казакстанда агро өнөржай комплексин камсыздандыруу төгүмдөрүн 50% өлчөмүндө субсидиялоо түрүндө мамлекеттик колдоо көздөлүп жатат. Бул тууралуу айыл чарба министри Сапархан Омаров билдирди. Анын айтымында, төлөмдөрдү кепилдигин камсыз кылуу үчүн эл аралык кайра камсыздандыруу компаниялары тартылды.
Эске салсак, былтыр ишке кошулган жаңы системада өсүмдүк чарбачылыгы өнүмдөрүн жана биринчи жолу бодо малды камсыздандыруу бекитилген. Бул жараяндар толугу менен автоматташтырылган. Толугу менен санарип тутумуна келтирилген субсидиялардын көлөмү өткөн жылы 1,6 эсеге өсүп, 366 миллиард теңгеге жетти. Өсүмдүк чарбачылыгындагы субсидиялар бирдиктүү принципке бириктирилди.
Сапархан Омаров, Казакстандын айыл чарба министри:
- Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын субсидиялоо кеңейтилди. Эми гербициддер гана эмес, пестициддердин башка түрлөрү субсидияланат. Субсидияларды календардык жылдын ичинде эмес, үрөндөрдү, жер семирткичтерди, пестициддерди сатып алган күндөн тартып 12 айдын ичинде алуу мүмкүнчүлүгү негизги жаңылыктардын бири болуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков