Казакстандын премьер-министри экономикалык кызматташтык уюмунун XVII саммитине катышты

Казакстандын премьер-министри экономикалык кызматташтык уюмунун XVII саммитине катышты

Казакстандын премьер-министри Экономикалык кызматташтык уюмунун XVII саммитине катышты. Азербайжандын Ханкенди шаарында өткөн жыйында Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтык маселелери каралды. Транспорт жана логистика, энергетика, климаттык коопсуздук, санариптик трансформация сыяктуу негизги тармактардагы өз ара аракеттенүүгө көңүл бурулду. Мындан тышкары, саммиттин алкагында Казакстан өкмөтүнүн башчысы менен Афганистандын премьер-министринин орун басарынын эки тараптуу жолугушуусу болду. Олжас Бектенов менен Абдул Гани Барадар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, агрардык тармактардагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Өлкөбүздүн премьер-министри президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси боюнча Казакстан Тургунди-Герат темир жолун курууга инвестиция салууга даяр экенин белгиледи. Анын курулушу бүткүл аймактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Жакынкы аралыкта тараптардын ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлат. 

Которгон: Назира Бегалиева