Туризмге басым жасоо. Казакстан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун колдоосу менен аталган тармакты өнүктүрөт. Өлкөнүн Президентинин Аппараты аны менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Келишимдердин алкагында БУУнун агенттиги Бурабай курортунун, Алматы тоо кластерин жана Мангыстауду өнүктүрүү боюнча үч ата мекендик долбоорду коштойт. Ал эми келишимдин алкагында казакстандык студенттер чет өлкөдө билим ала алышат. 10 мекендеш үчүн атайын курстар жеткиликтүү болот. Кошумчалай кетсек, меморандум инвестиция тартууга жана инновациялык жана санариптик технологияларды тармакка киргизүүгө жардам берүүгө багытталган. Ошентип, тараптар туристтердин ынгайлуулугу үчүн мобилдик тиркемелердин бирин кеңейтүүнү пландаштырууда. Анын жардамы менен колдонуучулар ыңгайлуу багытты жана турак жайды ижарага ала алышат, миграциялык каттоодон өтүшөт жана башка көптөгөн артыкчылыктарга ээ болушат.
Даурен Молдахметов, Президент аппаратынын санариптештирүү жана долбоорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы:
– Туризмге кошумча инвесторлор тартылат деп күтүп жатабыз жана азыр Эл аралык туристтик уюмдун төрагасы Зураб Пололикашвилинин өлкөдөгү санариптештирүүнүн деңгээлине кызыкдар экенин көрүп жатабыз. Ага жараша биз эл аралык рейтингдерде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, дүйнөдө жакшы орундарды ээлеп жатабыз. Ошондуктан, бул кесиптештер Казакстандын санариптештирүү тажрыйбасын өз мекенинде колдонгусу келет. Ал эми кайсы бир жерде биз башка өлкөлөргө туризмди өнүктүрүү үчүн санариптик технологияларды киргизүүгө жардам бере алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков