Казакстан менен Кытай биргелешкен өнөр жай жана инвестициялык долбоорлордун санын көбөйтүүгө кызыктар. Премьер-министр Алихан Смаилов Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьер-министри Дин Сюэсян менен жолугушууда эки тарапка тең пайдалуу толук форматтагы өнөктөштүк маселелерин талкуулады. Өкмөт башчысы Казакстан-Кытай биргелешкен долбоорлорунун тизмесин кеңейтүүнүн, 2026-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюунун, ошондой эле, импорттук-экспорттук товарларды өз ара сертификациялоо тууралуу келишимди жаңыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул казак-кытай соода өнөктөштүгүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт. Айта кетсек, соода жүгүртүү азыртадан эле жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Өткөн жылы товар жүгүртүү 35%га өсүп, 24 миллиард доллардан ашкан. Динамикалык өсүш 2023-жылы да сакталды.
Алихан Смаилов, Казакстандын
Премьер-министри:
- 10 айдын ичинде өз ара соода алмашуу
дагы 24% өстү. Мындай темп менен биз жакын арада эки мамлекеттин башчылары
белгилеген товар жүгүртүүнү 40 миллиард долларга жеткирүү максатына жете алабыз
деп ишенем.
Мындан тышкары, тараптар транзиттик-транспорт тармагындагы өнөктөштүктү талкуулашты. Бул да өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө Кытайдан Европага товардын 85%га жакыны Казакстан аркылуу ташылат. Өсүп жаткан суроо-талапты толук канааттандыруу максатында республика өзүнүн инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча активдүү чараларды көрүүдө. Жолугушууда энергетика, айыл чарба, маданият жана туризм тармактарындагы өз ара аракеттенүү маселелери козголду. Ага ылайык, жетинин айынын 10да күчүнө кирген визасыз режим ишкердик байланыштарды бекемдөөгө, соода алаканы жөнөкөйлөтүүгө, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизерин тараптар белгилеп өтүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков