Мамлекет башчы Glencore компаниясынын башкы мүдүрү Гэри Нейглди кабыл алды

Мамлекет башчы Glencore компаниясынын башкы мүдүрү Гэри Нейглди кабыл алды

Мамлекет башчы Glencore компаниясынын башкы мүдүрү Гэри Нейглди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев Glencore компаниясынын ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат алды. Мындан тышкары, компаниянын өлкөнүн тоо-кен, металлургия жана энергетика тармактарындагы ишинин негизги аспектилери талкууланды. Президент экологиялык стандарттарды так сактоо жана өндүрүш процессине инновациялык технологияларды киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков