Борбор калаада Astana Think Tank Forum-унун алкагында
Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан иштелип чыккан Central
Asia Insights санарип платформасы тааныштырылды. Жаңы ресурс Казакстан жана
Борбор Азиянын башка өлкөлөрү жөнүндөгү илимий макалалар, талдоо материалдары
жана изилдөөлөрдү бириктирет. Электрондук система чет элдик серепчилер үчүн
аймактык талдоого жеткиликтүүлүктү арттыруу, ошондой эле эл аралык илимий
кызматташтыкты жандандыруу максатында түзүлгөн. Аталган сайтта учурда саясий
жана экономикалык баяндамалардан баштап демография жана эл аралык мамилелер
маселелери боюнча изилдөөлөргө тиешелүү 80ге жакын макала жарыяланган.
Колдонуучулар платформага өздөрүнүн англис тилинде жазган китептерин,
баяндамаларын жана монографияларын жүктөй алышат. Келечекте Central Asia
Insights дүйнө изилдөөчүлөрү үчүн Борбор Азия тууралуу талдоонун ири
онлайн-архиви болууну максат кылат.
Айгүл Көшербаева, Президент алдындагы КСИИ илимий
катчысы:
- Бул платформа, биринчиден, биз азыр
санариптештирүүнүн жаңы дооруна кадам таштап жатканыбыздын жаркын
көрүнүштөрүнүн бири. Экинчиден, бул дагы бир кошумча илимий маалыматтын булагы.
Биз ушул форумдун алкагындагы бир нече сессияда платформада жарыяланган баяндамаларды
талкуулайбыз. Алардын катарында Борбордук Азия менен Ооганстан же демографиялык
стратегия менен демография маселелерине тиешелүү илимий макалалар бар. Бул
платформа колдонуучулар үчүн ачык. Башкача айтканда, андагы бардык материалдар
көпчүлүккө жеткиликтүү.
Белгилей кетсек, Astana
Think Tank Forum эл аралык диалог аянтчасы алдыңкы серепчилерди, аналитиктерди,
саясатчыларды жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирет. Форумга жалпысынан
40 өлкөдөн 500дөн ашуун талдоочу катышууда. Бул жердеги талкуулар глобалдык
башкарууну трансформациялоого, коопсуздук жана экономикага, технологияларды
өнүктүрүүгө, ошондой эле дүйнөдөгү демографиялык жана климаттык өзгөрүүлөрдүн
өз ара байланышын чыңдоого арналган. Мындан тышкары, бүгүнкү күндөгү татаал
геосаясий кырдаалда эл аралык мамилелердеги орто державалардын жана Борбордук
Азия аймагынын ролун аныктоону көздөйт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

