Түркмөнстанда газ кенин өздөштүрүүнүн жаңы этабы башталды

Түркмөнстанда газ кенин өздөштүрүүнүн жаңы этабы башталды

Түркмөнстанда жаратылыш газынын дүйнөдөгү эң ири кору болгон «Галкыныш» кенинде өнөр жайды өнүктүрүүнүн жаңы этабы башталды. Долбоордун төртүнчү фазасы жаңы скважиналарды бургулоону жана жылына 10 миллиард куб метрге чейин жаратылыш газын кошумча иштетүү үчүн жогорку технологиялык объектти курууну камтыйт. Долбоор түркмөн-кытай кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылып, өлкөнүн экспорттук дараметин бекемдөөгө багытталган.

Лю Чэнъюнь, Кытайдын «CNPC International» мунай-газ корпорациясынын Түркмөнстандагы филиалынын кызматкери:

– Биз Кытай менен Түркмөнстандын ортосундагы энергетикалык кызматташтыктын 20 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул өнөктөштүктүн алкагында Амударьянын оң жээгиндеги газ долбоору ишке ашырылууда. Өлкөлөр ортосундагы жаратылыш газынын жылдык соода көлөмү туруктуу өсүүдө.

Аман Хясиетов, «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинин инженери:

– Бул комплекстин курулушу менен жылына 10 млрд куб метр товардык газ даярдоого эсептелген кубаттуулуктар ишке киргизилет. Түркмөнстандын табигый газ өндүрүү боюнча дараметин алдыга жылдырат жана жалпысынан тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков