«Угуучу мамлекет» принциби Элдик Кеңештин конкреттүү
механизмине ээ болот. Жаңы конституциялык кеңеш берүүчү орган коомду жана
бийликти байланыштырат. Ал региондордон жарандардын суроо-талаптарын чогултуп,
чечим кабыл алуу деңгээлинде аларды жарыялайт. Элдик Кеңешине коомдук
кеңештердин, Казакстан элдери ассамблеясынын, бейөкмөт сектордун өкүлдөрү
катышат. Орган маанилүү коомдук маселелерди көтөрүп, мыйзам долбоорлорун
талкуулап, демилгелерди сунуштай алат. Бул мамлекетке казакстандыктардын
суроо-талаптарына ыкчам жооп берүүгө жана тагыраак чечимдерди кабыл алууга
мүмкүндүк берет.
Серик
Акылбай, Юридикалык кеңеш
берүү республикалык коллегиясынын төрагасы:
– Президенттин «Угуучу мамлекет» тууралуу тезиси дал ушул
Элдик Кеңеш
аркылуу ишке ашырылууда. Президент Улуттук курултайдын бардык жыйындарына
катышып келген. Курултайда көтөрүлгөн идеялардын негизинде акыркы беш жылда 27
мыйзам кабыл алынган. Ошондуктан анын мааниси чоң. Улуттук курултай жогорку,
конституциялык макамга ээ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

