Казакстан-Кытай чек арасы аркылуу жүк ташуу кызматынын наркы эки эсе төмөндөйт

Казакстан-Кытай чек арасы аркылуу жүк ташуу кызматынын наркы эки эсе төмөндөйт

Казак-Кытай чек арасы аркылуу жүк ташуу кызматынын баасы эки эсеге арзандайт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары билдирди. Марат Султангазиевдин айтымында, аталган башкармалык «Нур-Жолы» көзөмөл-өткөрүү пунктунда кайра жүктөө маселесин чечкен. Жараянды тездетүү үчүн жакында электрондук кезек пайда болот. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө беш унаа жол көзөмөл-өткөрүү пунктунун төртөө ачык. Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Калжат станциясы гана жабык. Тараптар анын ишмердүүлүгүн кайра баштоонун конкреттүү датасын макулдашып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков