Алматыда  Түштүк Кореялык компания медицина тармагына инвестиция салууга кызыкдар

Алматыда  Түштүк Кореялык компания медицина тармагына инвестиция салууга кызыкдар

Түштүк Кореялык компания Алматынын медицина тармагына 30 миллион долларга жакын инвестиция салууга ниеттенүүдө. Натыйжада түштүк мегаполис Күн Чыгыш мамлекетиндеги алдыңкы медициналык борборунун  Борбор Азиядагы аймактык түйүнүнө айланат. Мындай келишимге Алматы шаарынын акимим Ерболат Досаев Сеулга болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Шаар башчысы Корея өлкөсүнүн алдыңкы медициналык фондунун жана компаниясынын төрагасы менен жолугушту. Тараптар бир катар биргелешкен долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул катарда жаңы клиника куруу, заманбап лабораторияларды жаңылоо көйгөйлөрү бар. Мындан тышкары, алгачкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде клиниканы жана медициналык илимий борборду башкаруунун методологиясына корей моделин киргизүү көздөлүп жатат. Буга кошумча, биргелешип каттоо маалыматтарын иштеп чыгуу процедурасын оптималдаштыруу, өзүн-өзү диагностикалоочу аппараттар жана телемедицинаны өнүктүрүү жагы колго алынат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков