Этти жана данды сертификациялоочу лабораториялар ачылат

Этти жана данды сертификациялоочу лабораториялар ачылат

Казакстанда кайра жанма энергия булактары үчүн зарыл болгон ар кандай бөлүкчөлөрдү чыгарган 4 жаңы өндүрүш борбору ишке киргизилиши мүмкүн. Алардын ар биринин наркы 20 миллион долларга бааланууда. Бул ишканаларды чет элдик каражаттардын эсебинен куруу мерчемделип жатат. Буга бир нече өлкөнүн инвесторлору кызыгуучулук билдиришти. Дараметтүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга Түркия, Кытай, Германия жана Борбор Азия өлкөлөрү кызыктар. Бул тууралуу «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын жетекчиси Райымбек Баталов Азиядагы өз ара кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин бизнес-форуму алкагында билдирди. Анда Кеңешке мүчө 20 мамлекеттин өкмөттөрүнүн жана бизнес-ассоциацияларынын 140ка жакын өкүлү чогулду. Катышуучулар аянтчага жыйналып, эл аралык уюмдун мейкиндигинде альтернативдүү энергия булактары, жашыл каржылоо жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы Казакстандын агроөнөр жай комплексине Кувейт менен Кытай инвестиция салууга кызыктар экенин белгиледи. Акыркысы өлкө аймагында этти жана данды сертификациялоо үчүн бир нече лабораторияларды ачууга даяр экенин кошумчалады. Мындай масштабдуу долбоорлордун бири жакын арада Казакстан-Кытай чек арасындагы Алашанькоу темир жол станциясында пайда болот деп күтүлүүдө. Бул биринчи кезекте КЭРна ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө түрткү берет.

Райымбек Баталов, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасы президиумунун төрагасы:
- Бул лабораторияга байланыштуу суроолор жыл аягына чейин чечилет. Башкача айтканда, Кытай тарап бул маселени жетинин айы-бештин  айларында чечүүгө убада берди. Ошондуктан келерки жылдын 1-чейрегине чейин бул лабораторияларга инвестициялар салынып, сертификат берилип Казакстандын аймагында иштей баштайт деп ишенем. Бул биринчи кезекте ата мекендик дан өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн пайдалуу болот. Мындай 3—4 лабораторияны Казакстандын түштүгүндө жана өлкөнүн борбордук аймактарында ачууну пландап жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков