Жыл башынан Алматы облусуна 778 млрд теңге инвестиция тартылды

Жыл башынан Алматы облусуна 778 млрд теңге инвестиция тартылды

Алматы облусунда 7 индустриалдык аймак түзүлөт. Алардын үчөө региондогу агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө бир катар долбоордук иштер жыйынтыкталууда. Ал эми айрымдарында өндүрүш объектилери акырындык менен иштеп жатат. Алсак, «Береке» индустриалдык зонасында кубаттуулугу жылына 25 миң тонна болгон мөмө-жемиш азыктарын тоңдуруу боюнча сублимациялык завод салынды. «Кайрат» аймагында инвестиция суммасы 150 млрд теңгени түзгөн 26 компания жайгашты. Белгилей кетсек, аймакта Борбор Азиядагы эң ири «Алатау» атайын экономикалык аймагы да ишке киргизилген, ал көлөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы үчтүккө кирет. Жалпысынан бул долбоорлордун максаты-Алматы облусунун экспорттук дараметин кеңейтүү.

Марат Султангазиев, Алматы облусунун акими:

- Алматы облусунда экспорттун географиясын кеңейтүү-аймактын экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү жетишкендиктеринин бири. Бүгүнкү күндө облус 63 өлкөгө өнүм экспорттойт, алардын 90% кайра иштетилген өнүмдөрдү түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү 565 миллион доллардан 581 миллион долларга чейин өстү.

Ошондой эле, региондогу өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү үчүн дүйнөнүн алдыңкы компаниялары тартылууда. Алсак, башка өлкөлөрдүн инвесторлору менен металлургия, инфраструктура, тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуулар түзүлгөн. Жалпысынан Алматы облусунун экономикасын динамикалуу өнүктүрүүгө инвестициялардын агымы өсүүдө. Жыл башынан бери эле анын көлөмү 22 жарым пайызга өсүп, 778 миллиард теңгени түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков