Казакстан дүйнөлүк
инвестициялык картада позициясын күчөтүүдө. Астанадагы эл аралык форумда 7,5
миллиард доллардан ашык суммага дээрлик 50 келишимге кол коюлду. Иш-чарага элүү
өлкөдөн миңден ашык катышуучу, анын ичинде корпорациялардын, инвестициялык
фонддордун жана мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү чогулду. Мындай масштаб -
өлкөнүн экономикасына болгон ишенимдин чагылышы. Өткөн жылдан бери республика
17 миллиард доллар инвестиция тартты. 45 ишкана ачылып, алты миң жумушчу орун
түзүлдү.
Габидулла Оспанкулов,
Тышкы иштер министрлигинин инвестициялар боюнча комитетинин төрагасы:
- Казакстан бүгүн
инвестиция тартуу боюнча Борбордук Азияда жана Түндүк Кавказда алдыда келе
жатат, эгер сандар менен айтсак, бул аймакка тартылган инвестициянын жалпы
көлөмүнүн болжол менен 60%ын Казакстан ээлейт. Бул биздин тартымдуулугубуз
абдан жогору экенин билдирет. Ал эмне менен негизделет. Биринчиси -
Казакстандын жайгашкан жери, Казакстандын аймагы жана экономиканын көлөмү. Биз
бүгүн Чыгыштын, Батыштын, Түндүктүн, Түштүктүн кесилишинде турабыз. Экинчи
фактор, эмне тартып турат – бул пайдалуу кендер, чийки зат.
Айта кетсек, чет
элдик компаниялар Казакстанды географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкандыгы жана
экономикасынын туруктуулугу үчүн гана тандашпайт. Инвесторлор мамлекеттик
колдоо чараларын дагы өзгөчө белгилешет. Булар - салыктык жеңилдиктер, бажылык
жеңилдиктер жана бизнестин укуктарын коргоо. Бул диалог үчүн негизги аянтча -
"Астана" эл аралык каржы борбору.
Ренат Бектуров, АЭКБнын
башкаруучусу:
- Транспорт жана
логистика, анын ичинде кампа жайлары, экинчиси, менимче, бул – Казакстанда
салттуу түрдө энергетикалык сектор, анын ичинде кайра жанма энергия булактары,
бул агроөнөр жай комплекси, бул салттуу түрдө тоо-кен казып алуу комплекси жана
жаңы IT-стартаптар – бул дагы Казакстанда абдан талап кылынган тармак болуп
калды, ага инвесторлор абдан чоң кызыгуу көрсөтүүдө.
Серепчилер белгилегендей,
Казакстан туруктуу экономикасы жана глобалдык бизнес жана жаңы идеялар үчүн
ачык ишенимдүү өнөктөш катары репутациясын ырааттуу түрдө курууда. Бүгүнкү
күндө өлкөлөр арасындагы эң ири инвесторлор - Кытай, Орусия, Нидерланды, Түштүк
Корея жана Бельгия. Аналитиктердин божомолу боюнча, бул тизме кеңейе берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

