Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан курамасы жалпы командалык эсепте 1-орунда

Казакстандын курама командасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы командалык эсебинде биринчи орунга чыкты. Мелдештин күнүнүн башталышында жамбы атуудан франциялык Рафаэль Малет топ жарып,  өз командасына биринчи алтын медалды алып берди. Ал эми 14 алтын, 3 күмүш жана 8 коло медалды куржунга салган Казакстандын курама командасы башкалардан алда канча алдыда келе жатат.  Өзгөчө казакстандыктар эр-эңиш менен казак күрөшүндө олжолуу. Андан соң негизги фаворит болгон Казакстандын курама командасы көкпар жана көк бөрүдөн жарыш жолуна чыгышты. Көкпар боюнча биринчи оюнда казактар Өзбекстандын командасын 16:0 эсебинде утуп алса, көк бөрү боюнча АКШнын командасын 18:0 эсебинде жеңди. Айта кетсек, кандаш улакчылар Монголиянын жана Кытайдын курама командаларынын катарында өнөр көрсөтүштү. 

Ескермес Илиясбек уулу, көкпардан Кытай курамасынын башкы машыктыруучусу:

– Бул жолу катышып жаткан 9 өлкөнүн ичинен Казакстан менен Кыргызстандын мыкты командалары – чемпиондор. Тажрыйбасы мол, жигиттери күчтүү. Балбандары менен тайказаны шайкеш келген. Булар мыкты командалар. Биз аларга карап үйрөнөбүз. Биз дагы алардай болууга аракет кылабыз.

Белгилей кетсек, 2-күндүн жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар жалпы командалык эсепте 2-орунда келе жатса, алдыңкы үчтүктү Орусиянын 3 курама командасы жыйынтыктады. Өзбекстан төртүнчү орунга чыкты. Франциялыктар 1 алтын жана 1 коло медаль менен алдыңкы бештикке кирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков