Астанада баатыр-панфиловчулар жөнүндөгү сейрек кездешүүчү документтер тааныштырылды

Астанада баатыр-панфиловчулар жөнүндөгү сейрек кездешүүчү документтер тааныштырылды

Астана шаарындагы Казакстан Президентинин архивинде легендарлуу Панфилов дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына жана анын жоокерлеринин эрдиктерине арналган тарыхый-даректүү көргөзмө ачылды. Экспозицияга буга чейин белгисиз болгон 50дөн ашык архивдик материалдар кирген. Алардын арасында Бауыржан Момышулы менен Малик Габдуллиндин сейрек кездешүүчү сүрөттөрү, генерал-майор Иван Панфиловдун өздүк иши, аскердик отчёттор, дивизиянын Алматыда түзүлүшү жана 316-аткычтар дивизиясынын согуштук жолу тууралуу документтер, ошондой эле кинохроника кадрлары бар. Иш-чара Мекенди коргоочулар күнүнө жана Жеңиш күнүнө карата уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, бул көргөзмө панфиловчулардын тарыхын баяндоо менен бирге, жаш муунга тарыхый эс тутумду жана сый-урматты өткөрүп берүүнү көздөйт

Алия Мустафина, Казакстан Республикасынын Президентинин архивинин мүдүрү:

– Документтердин жана уникалдуу документалдык далилдердин арасында ошол мезгилден сакталып калган кызыктуу сүрөттөрдү белгилей кетүү керек. Бул дивизия түзүлгөн учурдан тартып, аны даярдоо жана окутуу жүрүп жаткан, ошондой эле Алматыда окуу иш-чараларынан өтүп жаткан сүрөттөр. Бул иш-чара патриоттук тарбияга жана жаш муунду маанилүү тарыхый окуяларга тартууга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков