Казакстан КМШ мамлекеттери менен кызматташтык аянтын кеңейтет

Казакстан КМШ мамлекеттери менен кызматташтык аянтын кеңейтет

Казакстан 2024-жылды КМШ өлкөлөрүндө Ыктыярчылар кыймылы жылы деп жарыялоону кубаттайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Москвада өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Алихан Смаилов өз сөзүндө Достук мамлекеттеринин волонтёрлору толеранттуу коомдун өнүгүүсүнө, кайрымдуулук жана боорукердик маданиятын колдоого зор салым кошуп келе жатканын белгилеп өттү. Мындан тышкары, Казакстандын өкмөт башчысы достук мамлекеттери ыктыярчыларынын жыл сайынкы форумун өткөрүү жана ага уюмдун туруктуу аянтчасы макамын берүү боюнча казакстандык демилгени ишке ашыруу боюнча конкреттүү иштерди баштоого чакырды. Буга кошумча, Алихан Смаилов көптөгөн тармактарда кызматташуу чөйрөсү кеңейип келе жатканын кошумчалады.

Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
- Казакстан интеграциялык байланыштарды тереңдетүү жана аны жаңы тажрыйбалык мазмун менен толуктоо үчүн КМШ чөйрөсүндө мындан ары биргеликте иштешүүгө кызыктар. Мамлекет башчылары кеңешинин өткөн жыйынында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев сунуштаган артыкчылыктар КМШ форматындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган. Маселен, келерки жылы биргелешкен иштердин негизги багыттарынын бири маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спорт тармагындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү болмокчу.

Ошондой эле, Казакстандын Премьер-министри иш сапарынын алкагында «Орусия» эл аралык көргөзмө-форумуна катышты. Бул жерде Түндүк Казакстан облусунун эркин экономикалык аймагында жүк көтөргүч жабдыктарды жасап чыгаруу боюнча Казакстан менен коңшу өлкөнүн биргелешкен долбоору тааныштырылды. Буга кошумча, өлкөдө чиркегич техникасы менен айыл чарба тракторлорунун өндүрүшүн ишке ашыруу, ошондой эле, суу жана газ түтүктөрүн чыгаруучу заводду куруу, дары-дармек өндүрүшүн пайдаланууга берүү жана байытуучу фабрикалардын техникасын жаңыртуу боюнча долбоорлор сунушталды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков