Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү ЕАЭБде артыкчылыктуу
багыттардын бири бойдон калууда. Бул теманын мааниси
Интеграциялык Биримдиктин Астанада өткөн иш-чараларында да ырасталды. Серепчилер
ишкердик потенциалды баалоого жана анын өсүшүнө тоскоол болгон себептерди
аныктоого жардам берген ар кандай долбоорлорду жана куралдарды сунушташат. V
Евразиялык экономикалык форумдун катышуучуларынын өзгөчө кызыгуусун кыргыз
адистери сунуштаган тоскоолдуктарды аныктоо жана жоюу боюнча комплекстүү
санариптик экосистема жаратты. Бул система тоскоолдуктарды ыкчам табууга жана
аларды жоюу боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.
Шумкарбек
Адилбек уулу, Улуттук
стратегиялык демилгелер институтунун мүдүрү: /Кыргызстан/
– Муну биздин матрицада көрө аласыз, жана ал матрица аркылуу эмпирикалык, терең илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү же, балким, бизнести колдоо боюнча саясатыңызды өзгөртүү. Ошондуктан, мен угармандар абдан жакшы кабыл алышты деп ойлойм, анткени биз жөнөкөй жана түшүнүктүү ыкма менен чакан жана орто бизнеске кантип жардам берүүнү көрсөткөн шайманды түздүк.
Которгон: Назира Бегалиева

