Казакстан хорунун Түштүк Кореядагы концерти

Казакстан хорунун Түштүк Кореядагы концерти

Команда бир эле убакта Күн чыгыш өлкөсүнүн бир нече шаарларында болду. Артисттер корей элинин  ырларынан аткарышты. Белгилей кетсек, казак хорунун репертуарында түрдүү тилдерде жазылган көптөгөн чыгармалар бар. Чеджу аралында өткөн эл аралык фестивалда Казакстандын жамааты мыктылардын бири деп табылды. Анда казакстандык артисттер Өзбекстанга, Индонезияга, Филиппинге, АКШга концерт коюуга чакырылды.

Хан Мен Хи, акын:

- Хор абдан жакшы өнөр көрсөттү. Алар кесипкөй адистер. Казак артисттеринин корей ырларындагы сезимдерин жүрөккө жеткире алганына таң калдым.

Айбек Кемал, Актөбө облусундагы филармониянын мүдүрү:

- Негизги максат – казактын улуттук өнөрүн, казактын ыр мурасын Корея Республикасында жайылтуу. Ал эми сиздер уккандай хор «Ариранг» ырын аткарды. Бул композиция улуттук достуктун символу болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков