Казакстан элинин биримдик күнүнө карата Павлодарда өзгөчө патриоттук челлендж уюштурулду. Миңге жакын окуучу «Достук» үйүнүн аянтына тизилип, мамлекеттик желек жана түндүе стилинде инсталляция жасады. Композициянын ортосунда «биримдик күнү» деп жазылды. Ошентип, бийиктиктен тартылган видеодо өзгөчө таасирдүү көрүнүш пайда болду. Флешмобдун аягында тынчтыктын символу катары ак көгүчкөндөр учурулду.
Усман Росляков, окуучу:
- «Шаңырак» челленджине кубануу менен катышып жатам. Анткени мамлекеттик маанидеги биримдик күнүнө өз салымымды кошуп, өз өлкөмдүн патриоту экенимди көрсөткүм келет. Бардык казакстандыктарды маанилүү майрамыңыздар менен куттуктайм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

