Казакстанда мультфильмдер жумалыгы башталды. Астана жана
Караганды шаарларынын кинотеатрларында жергиликтүү анимация көрсөтүүлөрү
уюштурулду. Ошондой эле, борбор калаадагы Улуттук аскердик-патриоттук борбордо
жана Семей, Отар, Сарыөзек жана Алматы шаарларындагы аскердик гарнизондордо
көрсөтүү өтөт. Ар кандай жаштагы көрүүчүлөр толук жана кыска метраждуу
фильмдерди, сериалдарды жана эксклюзивдүү премьераларды көрүшөт. Программада «Казакфильмдин»
алтын фонду жана Кинону колдоо борбору сунуштаган «Алтын Адам», «Кочкор менен
теке» жана «Кенже кыз» фильмдери бар. Уюштуруучулардын айтымында, көрсөтүүлөрдүн
негизги максаты -
мамлекеттик тилдеги сапаттуу контентти жайылтуу жана көрүүчүлөр аудиториясын
кеңейтүү. Мындай демилгелер өлкөнүн маданий индустриясын кеңири өнүктүрүүдө
маанилүү роль ойнойт. Башкача айтканда, жергиликтүү авторлорду мүмкүн болушунча
колдоого жана балдар менен өспүрүмдөрдүн казак мультфильмдерге туруктуу
кызыгуусун калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.
Айнур Исаева, «Казаканимация»
чыгармачылык бирикмесинин продюсери:
– Мен биздин казакстандык анимация тармагы тез өнүгүп жатат деп ишенимдүү айта алам, муну атүгүл өткөн жылкы долбоорлор менен салыштырып байкоого болот. Дал ушул жерде жаш аниматорлор өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүп, өз жөндөмдүүлүгүн далилдөөгө, жаңы чыгармачылык демилгелерин тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышты. Жыл сайын 10го жакын жаш режиссёр жана аниматор каржылоо ала алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

