«Астана Опера» театры Минск шаарына гастролдук сапар менен барды. Казакстандын искусство жамааты Беларусиянын чон театрында Джоаккино Россининин «Жибек тепкичтери» опера-фарсын тартуулады. Сюжет өзүнүн сүйүктүүсү Дорвильге жашыруун баш кошкон Джулиянын тегерегинде болот.
Азамат Жылтыркөзов, «Астана Опера» театры, опера труппасынын мүдүрү:
- Бул спектаклде алты ролдун бардыгы башкы ролдор. Бир актылуу опера болгондон кийин бир жарым сааттын ичинде баары бири-бирине байланыштуу. Анын өзүнүн ариялары бар. Чоң үчилтиктер бар. Квартеттери бар.
Опера венециялык романтикага жык толгон. Музыка көңүлдүү жана кызыктуу. Көргөнгө жеңил. Сахнада Казакстандын эмгек сиңирген ишмерлери ойнойт. Партияларды чебер ойногон ата мекендик сахна артисттеринин оюну көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Татьяна Глик, Минск шаарынын тургуну:
- Бир дем менен угуп чыктым десем болот. Солисттердин үнү эң сонун. Ага сахнанын декорациялары, костюмдары кошулганда укмуштуудай керемет атмосфера пайда болду. Биз «Астана Опера» театрынын репертуары менен таанышпыз. Солисттерди жакшы билебиз.
Анна Туровец, Минск шаарынын тургуну:
- Артисттин оюну бизди суктандырды. Астана Операнын солисттерин жандуу үн менен укканыма кубанычтамын. Бир жарым саат бат эле өтүп кетти. Азыркы заманда ушундай таза, нукура искусствону уккан жакшы. Келечекте сиздердин театр өлкөбүзгө жаңы спектакль менен келип, бизди кубандырат деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков