Алматыда Борбор Азиядагы сериалдардын биринчи фестивали ачылды

Алматыда Борбор Азиядагы сериалдардын биринчи фестивали ачылды

Борбордук Азиядагы сериалдардын биринчи индустриалдык фестивалы Алматы шаарында старт алды. Ал режиссёрлорду, сценаристтерди, продюсерлерди жана аймактын санариптик сервистеринин, стриминг платформаларынын жана онлайн-кинотеатрларынын өкүлдөрүн бириктирди. Уюштуруучулардын айтымында, жалпысынан 67 арыз келип түшкөн. Белгилей кетсек, фестиваль dark fantasy жанрында тартылган «Казак коркунучтуу жомоктору» тасмасынын алгачкы үч сериясынын сынактын тышкаркы көрсөтүүсү менен ачылды. Режиссёр Адилхан Ержановдун детективдүү тасмасы мифтерге, ырым-жырымдарга жана казак фольклоруна негизделген. Белгилей кетсек, Almaty Series Festival «Байконур» дебюттук жана кыска метраждуу кинолорунун эл аралык фестивалынын алкагында өтүүдө. 

Адилхан Ержанов, режиссёр: 

- Бул кино бир жагынан жанры боюнча нуар, ал эми экинчи жагынан — «Казак коркунучтуу жомоктору». Ал жерде бир горизонталдык линия бар, бирок жок дегенде үч монстр жөнүндө айтылат, алар айландырылып баяндалат. 

Мындан тышкары, программага мыкты сериал үчүн Борбор Азиялык сынак, көз карандысыз пилоттук эпизоддордун улуттук конкурсу, ошондой эле мастер-класстар, лекциялар, панелдик талкуулар киргизилген. Биринчи жолу француз Series Mania фестивалынын Serial Bridges воркшопу өткөрүлөт. 

Ануар Кенжибаев, Baiqonyr кинофестивалинин президенти: 

- Бизде Францияда, Лиль шаарында биринчи өнөктөштүк пайда болду. Ал жерде Series Mania фестивалы бар жана бул фестиваль жыл сайын Serial Bridges аттуу воркшоптор программасын өткөрөт. Рио-де-Жанейро, Стамбул, Тайвань жана эми мына Борбор Азияда, Алматыда жыл сайын Series Mania менен биргелешип программа өткөрүлөт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков