Казакстан карбон чарбачылыгынын борборуна айлануусу мүмкүн

Казакстан карбон чарбачылыгынын борборуна айлануусу мүмкүн

Казакстан айыл чарбасында жаңы тармак – карбон чарбачылыгы пайда болушу мүмкүн. Мына ушундай жол менен эл аралык инвесторлор жумалыгынын катышуучулары пайдаланылбай жаткан жерлерди өздөштүрүүнү сунуштап жатышат. Эске салсак, форум Астанада өтүп жатат. Карбон чарбачылыгынын маңызы көмүртектин атмосферадан өсүмдүктөргө жана топуракка өтүшү. Эксперттердин айтымында, бул көмүр кычкыл газынын абага чыгарылышынын көлөмүн бир топ кыскартууга жардам берет. Акыр-аягы, бул тармакты өнүктүрүү глобалдык жылуулукка каршы багытталган. Форумга катышкандар биздин республика көмүр чарбачылыгында чоң потенциалга ээ экендигин белгилешти, анткени Казакстанда айыл чарба жерлеринин 20%ы гана пайдаланылат, анын жалпы аянты 220 миллион гектардан ашык жерди түзөт.

Майкл Оберштайнер, Оксфорд университетинин экологиялык өзгөрүү институтунун мүдүрү:

- 2050-жылга карата биздин жалпы максатыбыз көмүртектин нейтралдуулугуна, башкача айтканда нөл балансына жетишүү. Бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, анда бул жетишсиз болот. Көмүртекти атмосферага чыгарганга караганда көбүрөөк сиңирүү керек. Ошондуктан айыл чарба тармагы бул процесстин негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп калышы керек деп эсептейбиз. Азыр карбон чарбачылыгы акырындык менен АКШда жана Европада кабыл алынууда. Ал эми Казакстан келечекте бул тармактын бүткүл Евразиянын борбору боло алат.

Которно: Илгиз Жамалбеков