Казакстандын курулуш тармагы демонополизациялоо күтүүдө. Иштелип чыккан мыйзамдык түзөтүүлөрдө базар субъекттерине жер тилкелерин бөлүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү каралат. Бул тууралуу Казакстандын Индустрия жана инфратүзүмдү өнүктүрүү министринин орун басары Еркебулан Дауылбаев билдирди. Анын айтымында, мыйзамдык түзөтүүлөрдү кабыл алуу курулуштун көлөмүн бирдей бөлүштүрүүгө, аткарылып жаткан иштердин сапатын жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
«Жаңы мыйзам ченемдерин киргизүүнүн натыйжасында кичи жана орто бизнестин субъекттеринин мамлекеттик сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мыйзамсыз жана өндүрүмсүз аткаруучулардын, ошондой эле квалификациясы жок лицензия алуучулардын ишмердүүлүгүн чектөө пландаштырылууда», - деди вице-министр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков