Лидерлик, стабилдүүлүк жана прогресс - эгемендүү Казакстандын калыптанышынын, өнүгүшүнүн жана чыңдалышынын негизин түзгөн маанилүү түшүнүктөр. Бул тууралуу Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда парламенттин төрагасы Нурлан Нигматулин билдирди. Ал өз сөзүндө Казакстан Борбор Азия мамлекетеринин арасында биринчилерден болуп Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгонун белгиледи. Нурлан Нигматулин Элбашы Нурсултан Назарбаев баштаган саясат Президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатканын белгиледи.
Нурлан Нигматулин, РКнын Парламент Мажилисинин Төрагасы:
- Элбашы Нурсултан Назарбаев 30 жыл ичинде экономикасы күчтүү, коому туруктуу, эли ынтымактуу, макамы бийик эгемендүү Казакстандын пайдубалын түптөдү. Аны мындан ары чыңдоо үчүн Президент Касым-Жомарт Кемелович Токаев саясий, социалдык-экономикалык реформаларды колго алып, конкреттүү стратегиялык максаттарды койду. Биз бир мамлекет, бир эл катары алдыга койгон максаттарга татыктуу жетебиз деп ишенем.
Казакстан-Орусия кызматташтыгы
Муну менен катар, конференцияга чет өлкөлүк жана казакстандык көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер, саясий жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана серепчилер катышты. Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Жуковдун айтымында, Казакстан бүткүл Евразиядагы интеграциялык жараяндардын локомотиви болуп саналат. Эгемендүүлүк жылдарында өлкө экономикалык жактан чоң бурулуш жасады. Анын ичинде коңшу мамлекеттер менен товар жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүп, биргелешкен ишканалар ишке кирип, эмгек миграциясы өнүгүп жатат. Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарында.
Александр Жуков, ОФнын Мамлекеттик Думасы төрагасынын биринчи орун басары:
- Азыр Казакстан мамлекет болуп калыптанды. Муну биз ишеним менен айта алабыз. Биз Казакстан Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун толук кандуу жигердүү мүчөсү болуу менен тынчтыкты жана ынтымакты сактоого багытталган көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүп жатканын көрүп жатабыз. Ал тынчтыктын жана туруктуу өнүгүүнүн принциптерине негизделген. Бул демилгелер Казакстандын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын көрсөттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков