Казакстанда келерки жылы экологиялык мамлекеттик
аудит өткөрүлөт. Азырынча мындай текшерүүлөр пилоттук режимде киргизилет. Бул
иштер өлкөнүн Жогорку Эсептөө палатасынын мыкты адистерине тапшырылган. Тармак
адистеринин айтымында, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы ата мекендик өндүрүш
борборлорунда “жашыл” текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн методологиясын өркүндөтүүгө,
ошондой эле экологиялык кодексти колдонуудагы улуттук стандарттарына
өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу бүгүн борбордо өтүп
жаткан ASOSAI аудиторлорунун эл аралык форумунун жүрүшүндө белгилүү болду. Анын
ишине Азиянын жана Европанын 16 өлкөсүнөн өнөр жай палаталарынын жана
бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.
Расул Рахимов, Жогорку
аудитордук палатанын мүчөсү:
Жогорку Эсептөө палатасы бир нече жылдан бери экологиялык аудитти ишке ашыруунун дүйнөлүк технологиясын сынап келет. Бул Казакстан үчүн абдан маанилүү. Себеби, өлкөдөгү климаттын өзгөрүп жатканы. Аба ырайынын сырдуу мүнөзүн көп көрчүбүз. Ичүүчү таза суунун тартыштыгы бар. Андыктан экологиялык аудит жүргүзүүгө мезгил жетти. Буга байланыштуу өлкөдө ASOSAI экологиялык аудиторлор форуму уюштурулду. Азия чөлкөмүндөгү аудиторлордун эл аралык уюму бул багытка артыкчылык берет.
Серепчилердин айтымында, Казакстан климаттык саясатты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ошол эле учурда өлкөдө жаңы суу кодекси иштелип чыгууда. Аны ушул жылдын аягына чейин кабыл алуу пландалууда. Жалпысынан өлкө тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелердин алкагында айлана-чөйрөнүн булгануу жана климаттын өзгөрүү тобокелдиктерин азайтуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Алар тууралуу форумда Экология министрлигинин өкүлдөрү эскертишти.
Мансур Ошурбаев, КР
Экология, геология жана табигый ресурстар вице-министри:
Ушул жылдын бирдин айында
мамлекет башчы 2060-жылга чейинки стратегияга кол койгон. Документке ылайык,
Казакстан булганыч газдарды 15%га кыскартууга милдеттүү. Ал үчүн эмне кылуу
керек? Бул экологиялык аудитке түздөн-түз байланыштуу. Учурда бул багытта
алдыңкы технологиялардын аныктамалары иштелип чыгууда. Анда өлкөдөгү
жаратылышты пайдалануучулар тууралуу маалыматтар камтылган. Абага эң зыяндуу
заттарды чыгарган 50 компания өндүрүшүндө эффективдүү экологиялык долбоорлорду
ишке ашырат.
Которгон : Илгиз
Жамалбеков