Казакстан президенти коррупцияга каршы агенттигинин төрагасын кабыл алды

Казакстан президенти коррупцияга каршы агенттигинин төрагасын кабыл алды

Бир жарым жыл ичинде бюджетке жана квазимамлекеттик сектордун субъекттерине 860 миллиард теңгеге жакын каражат кайтарылды. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси президентке жемкорлука каршы күрөшүү чаралары тууралуу маалымат берди. Асхат Жумагали белгилегендей, башкармалыктын ишинде негизги көңүл коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган. “Бизнес жол” долбоорун ишке ашыруунун аркасында ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон административдик тоскоолдуктар жоюлду. Ошентип, 400дөн ашык көйгөйлүү иш чечилип, 21 миңден ашык бизнес өкүлдөрүнө жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле жолугушууда Антикордун жетекчиси Касым-Жомарт Токаевге аныкталган тобокелдиктер тууралуу маалымат берди. Алар бюджеттик суроо-талаптарды түзүү механизмдеринин жеткиликтүү эместигине, кызматкерлердин борборлоштурулган эсебинин жоктугуна жана бухгалтердик эсеп системаларынын казыналыктын маалымат базалары менен интеграцияланышына байланыштуу. Алар билим берүү тармагындагы ири өлчөмдөгү каражатты уурдоого алып келген. Президент тармактагы коррупциянын алдын алуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле процесстерди санариптештирүү зарылдыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков