Казакстан бизнес жана инвестициялык климатты активдүү түрдө жакшыртууда. Премьер-министр мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду тездетүүнү тапшырды. Олжас Бектенов бизнести колдоо жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча жыйын өткөрдү. Капиталдык салымдарды тартууда улуттук инвестициялык платформа негизги ролду ойнойт. Ал үч миңден ашык долбоорду бириктирип, аларды ишке ашыруунун бардык этаптарын — идеядан баштап өндүрүштү ишке киргизгенге чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, анын өсүү темпин көзөмөлдөө абдан маанилүү, деп белгиледи Олжас Бектенов. Муну менен катар жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, чечим кабыл алууну тездетүүгө жана аймактардагы маанилүү долбоорлорго жекелештирилген колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жыйында бул жааттагы иштер күчөтүлөрү, жаңы инвестицияларды тартууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө басым жасалаары баса белгиленди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

