Президент Касым-Жомарт Токаев Александр Квасьневскийди кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаев Александр Квасьневскийди кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаев Чыгыш, Борбордук Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн баңгизатка каршы саясаты боюнча комиссиясынын төрагасы Александр Квасьневскийди кабыл алды. Жыйында баңги заттын жана баңги бизнесинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча маалымат алуу маселелери талкууланды. Казакстан комиссия менен активдүү кызматташууга даяр. Касым-Жомарт Токаев учурда мыйзамдар баңги затын өндүрүү жана калк арасында жайылтуу менен алектенген адамдарга карата жазаны катаалдаштыруу бөлүгүндө кайра каралып жатканын белгиледи. Өз кезегинде Александр Квасьневский баңгиге каршы саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы программалар жана чаралар тууралуу айтып берди. Тараптар баңгизатка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков