Казакстан ири соода бренддери менен түз байланыш орнотууда

Казакстан ири соода бренддери менен түз байланыш орнотууда

Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштуу Казакстан өкмөтү эл аралык соода бренддери менен түз байланыш түзүүдө. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Мажилисте депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө экономиканын бардык тармагындагы 300гө жакын эл аралык компаниялар орус рыногунан чыга тургандыктарын же инвестиция, товарларды жеткирүү же башка ишмердүүлүктөрүн чектей турганын жарыялашты. Белгилей кетсек, товарлардын басымдуу бөлүгү Орусияда жайгашкан чет элдик компаниялардын дистрибьюторлору аркылуу Казакстанга жеткирилет.

«Казакстан бизнес жүргүзүүнүн көптөгөн маанилүү багыттары боюнча (туруктуу банк системасы, бизнести жана инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары, жеңилдетилген салык салуу ж.б.) чет элдик компанияларды кызыктырышы мүмкүн. Буга байланыштуу Өкмөт аталган компаниялардын кеңселери менен алардын Борбор Азиядагы жана КМШдагы иш стратегияларын өз ара түшүнүү үчүн ишти баштады», - деп айтылат Өкмөт башчысынын жообунда.

Премьер-министрдин айтымында, ири эл аралык компаниялардын келүүсү үчүн бардык уюштуруучулук жана мыйзамдык маселелерди иштеп чыгуу зарыл. Белгилей кетсек, Казакстан Грузия, Азербайжан жана Түркиянын ортосунда биргелешкен Орто коридор долбоору каралууда. Ал расмий түрдө 2023-жылдын башында же ортосунда даяр болушу мүмкүн.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков