Чет элдик серепчилер Казакстандын эл аралык коопсуздукка,
өзөктүк куралсызданууга жана жайылтпоого кошкон салымын жогору баалашты.
Бул Казакстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу
багыттарынын бири экенин белгилей кетүү керек. БУУнун Башкы ассамблеясынын
төрагасы Чаба Кёрёши Казакстанга дүйнөлүк антиядролук кыймылдагы аракети жана
ролу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал ядролук сыноолорго тыюу салуу
бардык мамлекеттер үчүн юридикалык жактан милдеттүү болууга чакырды. Тынчтыктын
эл аралык ассоциациясынын жапондук адистери өлкөнүн өзөктүк куралга каршы көп
сандаган демилгелери дүйнөлүк коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынгандыгын
баса белгилешти. Өз кезегинде Казакстан бул багыттагы ишин уланта берет.
Хироцугу Тэрасаки, SGI тынчтык жана глобалдык маселелер уюмунун
башкы мүдүрү:
Казакстан эл аралык аренада ядролук куралга каршы
кыймылды колдоодо жана өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт. Биз казакстандык
делегациялар менен сыноодон жапа чеккендерге жардам көрсөтүү, өзөктүк куралды
таркатпоо жана маалымат маселелери боюнча тыгыз иштешебиз. Жардамга келсек,
бүгүнкү күндө ядролук куралды жайылтпоо келишими бар, анын алкагында жумушчу
топ түзүлдү. Быйыл ага Казакстан жетекчилик кылууда. Жакшы жаңылыктар алдыда
деп ойлойм.
Азыр Казакстанда өзөктүк сыноолордон жабыркагандарга
жардам берүү фондун ачуу процесси жүрүп жатат. Документ өзөктүк куралга тыюу
салуу боюнча келишимдин өнөктөштөрү менен биргеликте даярдалат.
Уюмдун иштөө механизмин көрсөткөн документ бекитилип,
күздүн аягында Нью-Йоркто өтө турган Келишим боюнча экинчи конференциянын
алдындагы отурумда сунушталат. Бул тууралуу Казакстандын
Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков