Казакстан менен Өзбекстандын ишкерлери кызматташтыкты бекемдеп жатышат. Коңшу республикада эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда форум болуп өттү.
Анын жүрүшүндө казакстандыктар баасы 52 миллион долларлык 7 келишимге кол коюшту. Муну менен катар, катышуучулар транс чек ара кызматташтыгынын келечегин талкуулашты. Казакстандын соода жана интеграция вице-министри Кайрат Төребаевдин айтымында, Өзбекстандын товарларынын жарымынан көбү Казакстан аркылуу өтөт. Чын куран айында курулушун эки өкмөт башчылары баштаган «Борбор Азия» Чек ара Борбору анын андан ары өнүгүшүнө чоң жардам болот.
Белгилей кетсек, серепчилердин пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү жыл башынан бери кыйла өсүп, бир жарым миллиард долларды түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 46% га жогору.
Которгон: Илгиз Жамалбеков