Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери, ошондой эле Биримдиктин алкагында транспорттук логистика маселелери. Ушул жана башка темалар Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Бишкекте өткөн жыйынында талкууланды. Ага Казакстандын президенти да катышты. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, интеграциялык блоктун 5 жыл ичинде соода алмашуусу 73 миллиард долларга жакын болду. Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында өлкө 23 миллиард долларлык соода жүргүзгөн.

«Ири масштабдуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү көбөйүүдө. Мындай оң натыйжа өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин жана биздин интеграциялык өнөктөштүктүн олуттуу дараметин ачык көрсөтүп турат», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Муну менен катар, Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ алкагында эл аралык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президенттин айтымында, Биримдиктин тышкы соода кызыкчылыгы жыл сайын кеңейүүдө. Бул позитивдүү тенденция жана Казакстан аталган багытты колдойт. Мамлекет башчысы учурда келишимдер менен өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн сапатын жакшыртууга көңүл буруу зарыл экендигин белгилеп өттү. Атап айтканда, бул Вьетнам, Сербия, Иран өлкөлөрү. Касым-Жомарт Токаев Индия, Египет, Индонезия жана Израил менен эркин соода зонасы боюнча макулдашуулар боюнча ишти тездетүү керектигине токтолду.

«Казакстан Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода аймагы боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайт. Мен бул демилге кыйла келечектүү жана бардык Евразиялык бештиктин кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейм. Эми бул жараянды создурбоо маанилүү», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Которгон: Илгиз Жамалбеков