Казакстандын экономикасы 2022-жылы 1,8%, 2023-жылы 4% өсөт. Бул Дүйнөлүк банктын алдын ала божомолу. Буга чейин Эл аралык каржы институту өлкөнүн ИДӨнүн өсүүсү быйыл 3,7%, келерки жылы 4,8% болоорун болжолдогон. Дүйнөлүк банктын серепчилеринин айтымында, бул Орусиядагы экономикалык төмөндөөнүн терс таасирлери менен байланыштуу. Соодадагы ийгиликсиздиктер, бизнестин ишениминин төмөндөшү жана валюта курсунун туруксуздугу да терс таасирин тийгизип, өсүштү басаңдатат, деп айтылат билдирүүдө. Казакстандын өкмөтү 2022-жылдын аягына чейин ИДӨдүн өсүшү 2,1% болорун болжолдоп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков