Казакстанда 11 жаңы өндүрүш ишке кирет. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Агроөнөр жай комплексинин долбоорлорун ишке ашырууга инвесторлор 22 млрд теңге жакын жеке инвестицияларды жумшашат. Алардын жалпы кубаттуулугу жылына 792 миллион даана жумуртканы түзөт. Объекттер 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Белгилей кетсек, канаттуулар фабрикасы Улытау, Жетису, Абай, Акмоло, Караганда, Костанай, Мангыстау, Түркестан, Актөбе, Алматы, Атырау облустарында пайда болот. Мындан тышкары, тармактык мекеменин маалыматы боюнча, өлкөдө кубаттуулугу жылына 29 миң тонна куш этин түзгөн 220 фабрика ишке кошулат деп күтүлүүдө. Объектилерди кийинки жылы 12 аймакка тапшыруу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

