Евразия өнүктүрүү банкы быйыл Казакстанга 1,2 миллиард доллар инвестиция салды

Евразия өнүктүрүү банкы быйыл Казакстанга 1,2 миллиард доллар инвестиция салды

Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык портфели быйыл пландалган көрсөткүчтөн дароо эки эсе өстү. Каржылык институттун өлкөлөрдөгү капиталдык салымдардын жалпы көлөмү бүгүнкү күндө 2,5 миллиард долларды түздү. Ошол эле учурда инвестициянын басымдуу бөлүгү – бир миллиард эки жүз миллион долларга жакыны өлкөнүн экономикасына багытталган. Бул каражаттар, ЕӨБнын маалыматы боюнча, өнөр жай, тамак-аш, транспорт жана кайра жанма энергетика тармагындагы бир катар ата мекендик долбоорлорду ишке ашырууга жумшалган. Банк келерки жылы казакстандык долбоорлорго АКШ валютасында дагы 1,1 миллиардга жакын каражат бөлүүгө ниеттенүүдө. Жалпысынан финансы институту 2022-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде республикага 3,8 миллиард доллар инвестициялоону пландаштырган, бирок анын үчтөн бир бөлүгү аткарылды, деп белгилейт банк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков