Түрк мамлекеттеринин экономикалык байланышы бекемделип келет

Түрк мамлекеттеринин экономикалык байланышы бекемделип келет

Бул тууралуу Түрк дүйнөсүндөгү экономикалык коммуникация жана интеграция жыйынында белгилүү болду. Борбор калаада Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын өкүлдөрү жолугушуп, 2040-жылга чейин өз ара өнүгүү стратегиясын талкуулашты. Боордош элдердин келечегине багытталган документ планында биргелешкен экономикалык чаралар камтылган. Башкача айтканда, тараптардын транзиттик коридорлорун жаңыртуу жана телекоммуникация менен инвестиция агымын көбөйтүү каралган. Бул жаатта  ар бир өлкөнүн дарамети чоң. Маселен, өткөн жылдын тогуз айында эле Казакстандын экономикасына түрк өлкөлөрүнөн 700 миллион доллардан ашуун түз чет элдик инвестиция тартылган. 2005-жылдан бери бул көрсөткүч 5 миллиард долларга жеткен. Соода-сатыктын көлөмү да артып келүүдө.

Долорес Төлебекова, экономикалык изилдөөлөр институтунун дүйнөлүк экономиканы изилдөө борборунун мүдүрү:

- Бир кыйла өсүш бар. Мисалы, 2010-жылдан бери үч жарым эсеге өстү. Башкача айтканда, 4,8 миллиард доллардан 12,9 миллиард долларга жетти. Бул көлөмдү мындан ары дагы эки эсеге көбөйтүү үчүн бизде чоң дарамет бар. Казакстандын түрк дүйнөсү менен эки тараптуу келишимдерин талдап көрдүк. Ал маалыматтарга ылайык, биз жакынкы келечекте аталган өлкөлөр менен жалпы сооданын көлөмүн 23 миллиард долларга чейин жеткирүүгө болоорун аныктадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков