Серепчилер: К. Токаев Казакстан экономикасынын өсүү ыргагын аныктады

Серепчилер: К. Токаев Казакстан экономикасынын өсүү ыргагын аныктады

2026-жылга чейин геологиялык чалгындалган жерлердин көлөмүн 1,5 миллиондон 2,2 миллион чарчы километрге чейин көбөйтүү. Мындай тапшырманы өлкө президенти өткөн аптада элге жасаган кайрылуусунда өкмөткө жүктөдү. Адистердин айтымында, бул ата мекендик экономиканын өсүү темпине жаңы дем берет. Жер казынасын чалгындоо өлкө үчүн кошумча киреше булактарын ачат. Андыктан мамлекет башчысы бул багытка артыкчылык берүүнү туура деп эсептейт. Айтылган маселелер орундуу дешет талдоочулар. Өндүрүш өнөр жайы өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Кенди жакшыртуу максатында геологиялык чалгындоо багытында жаңы демилгелер ишке ашырылууга тийиш.

Ернар Серик, экономикалык изилдөөлөр-институтунун соода саясатын өнүктүрүү борборунун мүдүрү:

Акыркы 5-6 жылда геологиялык чалгындоо иштерине инвестициянын көлөмү азайганын байкоого болот. Мисалы, 2005-2014-жылдар аралыгында жер казынасын изилдөөгө жыл сайын 4-5 миллиард доллар жумшалса, акыркы убакта анын көлөмү 200-300 миллион долларды гана түзгөн. Ошондуктан бул багытта, өзгөчө сейрек кездешүүчү металлдарды табууда Казакстанга инвесторлорду тартуу абдан маанилүү. Анткени бул кендерди экономикабыздын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошкон экинчи мунай десек болот.

Өлкөнүн кайра иштетүү тармагына инвестиция салууга ниеттенген инвесторлорду үч жылга ар кандай салыктардан бошотуу. Президенттин инвесторлор үчүн ушул жана башка ийкемдүү жана жөнгө салуучу тартымдуу шарттарды жана жеңилдиктерди түзүү сунушу жалпы тармактын дараметин жогорулатып, өлкөгө ири жеке капиталды тартууга чоң салым кошот деп эсептешет экономисттер.

Ердилда Таутенов, экономикалык изилдөөлөр институтунун макро экономикалык изилдөөлөр жана болжолдоо борборунун мүдүрү:

Биринчи кезекте салык системасынын туруктуулугун сактоого көңүл бурушубуз керек. Эгерде кайсы бир инвестор кайсы бир өлкөнүн экономикасына кирүүнү кааласа, ал ошол мамлекеттин салык системасын изилдеши керек. Бул үчүн салык саясаты абдан маанилүү. Ал мүмкүн болушунча тартымдуу болушу керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Өкмөт менен инвестор эки тарапка тең пайдалуу узак мөөнөттүү келишим түзөт. Анткени ири долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтү 10 жылга же андан да көпкө созулушу мүмкүн. Ага ылайык аларды биринчи кезекте салык жеңилдиктери кызыктырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков